Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № XXII-2
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери боюнча «Ноокат Коммунальщик» акционердик коомунун жетекчиси А.Кадировдин отчетун угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү «Ноокат Коммунальщик» акционердик коомунун жетекчиси А.Кадировдин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ноокат шаарынын аймагындагы жеке ишкерлер, мамлекеттик ишканалар, ар бир кожолук менен таштанды алып чыгарууга келишимдерди түзүүгө Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы «Ноокат Коммунальщик» акционердик коомунун жетекчиси А.Кадировго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Гафаров |