Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № XXII-4
Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси М.К.Амановдун 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча отчету жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси М. К. Амановдун 2014-жылдын жыйынтыгы тууралуу отчету жөнүндөгү маселени карап, шаардык кенештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кенеши отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси М.К.Амановдун 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2.Ноокат шаарынын аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларынын социалдык абалын жакшыртууда эл аралык донорлор, мамлекеттик эмес уюмдар, бардар үй-бүлөлөр менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А.Гафаров |