Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № XXII-5
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон үйлөрдүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытын өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңеши отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын К.Жакыпов көчөсүнүн №11 үйүнүн тургуну Рахманбердиева Равия Амановнага тиешелү болгон Ноокат шаарынын борбордук базарынын ичинде жайгашкан жеке менчик 11,7 чарчы метр жер аянтындагы спирт ичимдиктерин сатуучу дүкөнү азык-түлүк сатуучу дүкөн деп өзгөртүлсүн.
2.Ноокат шаарынын Жамий атындагы көчөсүнүн №32 үйүнүн тургуну Закиржанов Азимжанга тиешелүү болгон жеке менчик 600,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 22 чарчы метринин багыты коммерциялык соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
3.Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагынын Таштак көчөсүнүн №17 үйүнүн тургуну Мадалов Нейматка тиешелү болгон Ош көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 258,5 чарчы метр жер аянтынын ичинен 24 чарчы метринин багыты заманбап даарыкана деп өзгөртүлсүн.
4.Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынын Бешташ көчөсүнүн №25 үйүнүн тургуну Назарова Хапизахон Кахаровнага тиешелүү болгон Ленин көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 508 чарчы метр жер аянтынын ичинен 27 чарчы метринин багыты коммерциялык соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
5.Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөсүнүн №14 үйүнүн тургуну Ахмедов Мадамин Махмуджановичке тиешелү болгон Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү жайгашкан менчигиндеги 200 чарчы метр жер аянтынын ичинен 150 чарчы метринин багыты заманбап эки кабаттуу коммерциялык соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
6.Ноокат шаарынын Бадалов атындагы көчөсүнүн №44 үйүнүн тургуну Абдуллаев Валижонге тиешелүү болгон жеке менчик 800,0 чарчы метр турак-жайынын ичинен 30 чарчы метринин багыты, коммерциялык соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
7.Ноокат шаарынын Жамий атындагы көчөсүндө жайгашкан ”Гаип Эранлар” борбордук жума окулуучу мечитинин эски бастырмаларын бузуп, ордуна элдин талабына ылайык заманбап мечит имаратын жана эскилиги жеткен ажаткананын ордуна жаңы заманбап ажаткана курууга макулдук берилсин.
8.Ноокат шаарынын К.Жакыпов атындагы көчөсүндө жайгашкан мурдагы Чебурашка, азыркы Курманжан-Датка атындагы балдар бакчасынын батыш тарабындагы 300 чарчы метр жер тилкесине эки кабаттуу кошумча имарат курууга макулдук берилсин.
9.Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынын Айбек көчөсүнүн №32 үйүнүн тургуну Мрамова Мохидилла Камаловнага менчигиндеги Ноокат шаарынын борбордук айланпасынын жанындагы “Сары-Алтын” соода борборунун түндүк тарабында жайгашкан 5,2 чарчы метр жер аянтына женил конструкциядагы убактылуу курулуш курууга макулдук берилсин.
10.Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
11.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А.Гафаров |