Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № XXII-7
Ноокат шаарына караштуу А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү Бостон көчөсүнүн кесилишинен баштап күн чыгыш тарабына карай жайгашкан 40-метр аралыкка убактылуу автотоктом уюштуруу жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү Бостон көчөсүнүн кесилишинен баштап күн чыгыш тарабына карай жайгашкан 40-метр аралыкка убактылуу автотоктом уюштуруу жөнундө Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңеши отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарына караштуу А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү Бостон көчөсүнүн кесилишинен баштап күн чыгыш тарабына карай жайгашкан 40-метр аралыкка убактылуу автотоктом уюштуруулусуна макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А.Гафаров |