Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № XXII-8
Ноокат шаар мэриясында иштеген муниципалдык кызматкерлерге квартал сайын бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сыйлык үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясында иштеген муниципалдык кызматкерлерге квартал сайын бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сыйлык үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамынын 17-беренесинде өз кызмат милдеттерин ак ниет менен аткаргандыгы, узак мөөнөт жана кынтыксыз иштегендиги жана башка коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Ноокат шаар мэриясында иштеген муниципалдык кызматкерлерге жана келишимдин негизинде иштеген кызматкерге квартал сайын бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сыйлык акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Ноокат шаар мэриясында иштеген муниципалдык кызматкерлерге жана келишимдин негизинде иштеген кызматкерге акча каражаты I-кварталга билим берүү тармагындагы 3111 беренеден берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |