Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-5
Араван районунун С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2014-жылда аткарылышы жана 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча корутундусунун негизинде айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун 47-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат;
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 24 млн 787 миң 600 сом менен бекитилсин. Анын 3 млн 777 миң 600 сому теңдештирүүчү грант, ал эми 21 млн 100 миң сому жергиликтүү бюджет экендиги белгиленсин. Айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар тиркемеге ылайык белгиленсин. (№1-тиркеме тиркелет)
3 .С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги параметирлеринин божомолу жактырылсын. Киреше жана чыгаша бөлүгүнүн теңдештирүүчү гранттын божомолу 2016-жылга 3 млн 423 миң 300 сом, 2017-жылга 2 млн 563 миң 200 сом, ал эми жергиликтүү бюджеттин болжолу 2016-жылга 22 млн 818 миң сом, 2017-жылга 24 млн 471 миң сом суммасында бекитилсин жана 2016-2017-жылдарга жактырылган айыл өкмөтүнүн бюджетинин божомолдуу параметрлери алар кабыл алынган ар бир конкреттүү жылда каттоого алынсын.
4. Чыгымдарды каржылоо боюнча биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамактануу жана жеңилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарга каржылансын. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл Өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы кирешелер боюнча 2015-жылдын 1-январына карата кирешеден калган калдыгына кошуп эсептегенде 25080,4 миң сом, чыгашалар боюнча жергиликтүү бюджеттен 292,8 миң сом жана айыл өкмөтүнүн атайын эсеби боюнча (спец. счет) 600,0 миң сом артыкчалыгы менен бекитилсин.
6 .С. Юсупова айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше булактары боюнча 2015-жылдын 1-январына карата калган калдыгын жумшоо жагы тиркемеге ылайык белгиленсин. (№2-тиркеме тиркелет)
7. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн администрациясы айылдык кеңештин сессиясынын макулдугу менен төмөнкүлөргө укуктуу:
- Эгерде бул айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө:
- Кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүлөрүнүн эсебинен айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга:
8. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Базарбаевге, ал эми аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |
| С.Юсупова айылдык Кенешинин 4-чакырык 15-сессиясынын №15-5-токтомуна №1 тиркеме |
1.КИРЕШЕЛЕР: мин сом менен.
-Киреше салыгы (подоход салык) 6400,0
-Бирдиктуу салык 8,0
-Мажбурлап алынуучу патент 120,0
-Ыктыярдуу патент 6200,0
-Кыймылсыз мулк салыгы 260,0
-Транспорт салыгы 1040,0
-Уй тамаркалардын жер салыгы 185,0
-Улуш жерлердин жер салыгы 995,0
-Айыл чарбасы эмес жерлердин жер салыгы 395,0
-Сатуудан тушуучу салык 2870,0
-Роялти 39,0
-МФ жерлеринин ижара акысы 1839,0
-Таштандыларды ташуу боюнча тушум 239,6
-Мамалекеттик толомдор 150,0
-Админстративдик айыптар 1,0
-Айыл чарба багытында эмес жерлерди сатуу 300,0
- Атайын эсеп 600,0
-Тендештируучу грант 3777,6
- Жергиликтүү социалдык ифраструктураны
жакшгыртууга которуу 18,0
Кирешелердин жыйынтыгы: 25437,2
2. ЧЫГАШАЛАР :
-Башкаруу органдарына 7221,6
-Билим берүүгө 8397,9
-Социальдык камсыздоого 1000,0
-Маданиятка 771,6
-Айыл чарбасына 820,0
-ЖКХ 7226,1
Бардык чыгышалардын жыйынтыгы: 25437,2
Төрага | Б. Маннанов |
| С.Юсупова айылдык Кенешинин 4-чакырык 15-сессиясынын №15-5-токтомуна №2 тиркеме |
№ | Аталышы | Статья | Миң сом |
1 | Билим берүүгө | 22321100 | 273,0 |
2 | Атайын эсеп (Детьсад) | 22181100 | 12,8 |
|
|
|
|
| Жалпысы: |
| 285,8 |
Төрага | Б. Маннанов |