Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-6
Чек-абад айыл өкмөтүнө караштуу таза суу менен камсыздоочу «Полот» ИСКАКБнын башчысы А. Карабаевдин арызы жөнүндө
Чек-абад айыл өкмөтүнө караштуу таза суу менен камсыздоочу «Полот» ИСКАКБнын башчысы А. Карабаевдин С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Суткор айылындагы элди таза ичимдик суу менен камсыздоого суу түтүктөрүн ремонттоого айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратууга жардам сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Чек-абад айыл өкмөтүнө караштуу таза суу менен камсыздоочу «Полот» ИСКАКБна С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Суткор айылындагы элди таза ичимдик суу менен камсыздоого суу түтүктөрүн ремонттоого айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 15000 (он беш миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |