Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-7
Араван районунун өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысы капитан М. Абаевдин каты жөнүндө
Араван районунун өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысы капитан М. Абаевтин өрткө каршы күрөшүү кызматынын өздүк курамын материалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндөгү 13.02.2015-жылдагы чыгуу № 27- санда катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Араван районунун өрткө каршы күрөшүү кызматынын өздүк курамын материалдык жактан колдоо максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 10000 (он миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |