Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-9
Араван Райондук Ички Иштер Бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Д.Э.Раимбердиевдин каты жөнүндө
Араван Райондук Ички Иштер Бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Д.Э.Раимбердиевдин айыл өкмөтүндөгү милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн иштерин уюштурууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратуу жөнүндөгү 17.02.2015-жылдагы чыгуу чыгуу №12/425-саны менен катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүндөгү милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн иштерин уюштурууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 30000 (отуз миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |