Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
от 19 февралы 2015 года № 15-10
Араван райондук социалдык өнүгүү башкармасынын башчысы Э. Ахмедовдун каты жөнүндө
Араван райондук социалдык өнүгүү башкармасынын башчысы Э. Ахмедовдун Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн балансындагы муниципалдык менчик эсептелген, азыркы күндө социалдык өнүгүү башкармалыгы иштеп жаткан имаратты айыл өкмөтүнүн балансынан райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө 17.02.2015-жылдагы чыгуу №117/1-саны менен катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Х. Абдуллаев көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн балансындагы муниципалдык менчик эсептелген имарат Араван райондук социалдык өнүгүү башкармасына акысыз убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Х. Абдуллаев көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн балансындагы муниципалдык менчик эсептелген имарат Араван райондук социалдык өнүгүү башкармасынын балансына өткөрүүгө макулдук берилбесин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Торага | Б. Маннанов |