Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-11
С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу таза суу менен камсыздоочу «Зилол суу» ИСКАКБнын башчысы К. Моминованын арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу таза суу менен камсыздоочу «Зилол суу» ИСКАКБнын башчысы К. Моминованын айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза суу линиялар ремонттоого каражат ажыратуу жөнүндөгү 18.02.2015-жылдагы чыгуу №1-саны менен катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу таза суу менен камсыздоочу «Зилол суу» ИСКАКБна айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза суу түтүктөрүн ремонттоого айыл өкмөтүнүн бюджетинин каражат ажыратуу экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясында кароо жагы белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |