Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-12
Араван Райондук Ички Иштер Бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Д.Э.Раимбердиевдин каты жөнүндө
Араван Райондук Ички Иштер Бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Д.Э.Раимбердиевдин айыл өкмөтүндөгү сакчы элдик кошундары жана коомдук алдын алуу борборунун ишин жандандыруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратуу жөнүндөгү 05.02.2015-жылдагы чыгуу №12/328-саны менен катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүндөгү сакчы элдик кошундары жана коомдук алдын алуу борборунун ишин жандандыруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 15000 (он беш миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |