Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-14
Араван Райондук Ички Иштер Бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Д.Э.Раимбердиевдин каты жөнүндө
Араван Райондук Ички Иштер Бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Д.Э.Раимбердиевдин Араван Райондук Ички Иштер Бөлүмүнүн имаратын жана чатырын ремонттоого айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратуу жөнүндөгү 13.10.2014-жылдагы чыгуу №1/2523-саны менен катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
Араван Райондук Ички Иштер Бөлүмүнүн имаратын жана чатырын ремонттоого айыл өкмөтүнүн бюджетинде каражат жетишсиздигинен акча каражат ажыратууга мүмкүнчүлүк жоктугу белгиленсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |