Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-15
Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Айтибаевтин каты жөнүндө
Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Айтибаевтин райондун борборунда тазалыкты сактоо жана иретке келтирүү максатында таштандыларды таштоого орнотулган бактарды тазалоо үчүн атайын автоунаа сатып алууга көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратуу жөнүндөгү 30.01.2015-жылдагы чыгуу №74-саны менен катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Араван районунун борборунда тазалыкты сактоо жана иретке келтирүү максатында таштандыларды таштоого орнотулган бактарды тазалоо үчүн атайын автоунаа сатып алууга көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 50000 (элүү миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |