Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-16
Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Айтибаевтин каты жөнүндө
Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Айтибаевтин айыл өкмөтүнүн аймагындагы жолдорго жол сызыктарын, жол белгилерин орнотууга үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратуу жөнүндөгү 30.01.2015-жылдагы чыгуу №73-саны менен катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы жолдорго жол сызыктарын, жол белгилерин орнотууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 15000 (он беш миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |