Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-17
Араван өз алдынча баланстагы токойчулугунун башчысы Ш. Мелибаевдин каты жөнүндө
Араван өз алдынча баланстагы токойчулугунун башчысы Ш. Мелибаевдин Араван өз алдынча баланстагы токойчулугу статусун көтөрүп, Араван токой чарбасы статусун алууга айылдык Кеңештин токтомун чыгарып берүү жөнүндөгү 23.01.2015-жылдагы чыгуу №15-саны менен катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Араван районунда Араван өз алдынча баланстагы токойчулугун статусун көтөрүп «Араван токой чарбасын» түзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткарылышын камсыз кылуу С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннанов |