Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-18
Араван райондук мамлекеттик архивинин башчысы Д. Орунбаеванын каты жөнүндө
Араван райондук мамлекеттик архивинин башчысы Д. Орунбаеванын мамлекеттик архивине орг. техника сатып алууга көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратуу жөнүндөгү 26.06.2014--жылдагы чыгуу №01-14-14-саны менен катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Араван райондук мамлекеттик архивине орг. техника сатып алууга көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 5000 (беш миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |