Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-19
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Нарматов Канаатбектин арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Нарматов Канаатбектин Октябрь айылындагы жеке менчик короосуна тийиштүү болгон жер аянтын жеке менчикке сатып алууга уруксат сурап жазга арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Нарматов Канаатбектин Октябрь айылындагы жеке менчик короосуна тийиштүү болгон жер аянтын жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.
2. С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда Нарматов Канаатбектин Октябрь айылындагы жеке менчик короосуна тийиштүү болгон жер аянтын жеке менчикке сатуу сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |