Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-20
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы М. Турсуновдун арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы М. Турсуновдун аксакалдар сотунун ишин уюштуруу жана материалдык жактан камсыздоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратуу жөнүндөгү арызын катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотун үчүн ишин уюштуруу жана материалдык жактан камсыздоо айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 15000 (он беш миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |