Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-21
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Саламат Тохтахунованын арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Саламат Тохтахунованын маркум күйөөсүнүн менчигинде болгон турак үй жана үйгө тийиштүү болгон 951,0 м2 келген жер аянты системалык каттоо мезгилинде маркум күйөсүнө катталып, С. Юсупова (мурдагы Араван) айыл өкмөтүнүн 26.04.2003-жылдагы 99§2578 сандуу чечими менен бекитилгендигин билдирген. Бирок бул чечим туура эмес чыккандыктан Ош райондор аралык соту аталган чечимди жараксыз деп жокко чыгарган. Ошондуктан Саламат Тохтахунованын маркум күйөөсүнүн менчигинде болгон турак үй жана үйгө тийиштүү болгон 951,0 м2 келген жер аянтын өзүнүн менчигине каттап берүүнү суранып жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1 .С. Юсупова айыл өкмөтүнүн С. Айний көчөсүндөгү маркум Тохтахунов Аширалинин менчиги болгон турак үй жана үйгө тийиштүү болгон 951,0 м2 жер аянты маркумдун аялы Саламат Тохтахунованын жеке менчигине бекитүүгө макулдук берилсин.
2 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |