Загрузка документа…
С. Юсупова айылдык кеңешинин 2016-жылджын 22-марты № 22-3 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-22
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында жайгашкан Араван айылындагы «Ойбек» көчөсүнүн атын өзгөртүп, Насирдинов Рафиктин ысмын ыйгаруу жөнүндө
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында жайгашкан Араван айылындагы «Ойбек» көчөсүнүн атын өзгөртүп, ардагер маркум Насирдинов Рафиктин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү Араван айылынын «Ойбек» көчөсүнүн тургундарынын 2015-жылдын 10-январындагы жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндөгү Араван айылынын «Ойбек» көчөсүнүн тургундарынын арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешине караштуу Араван айылындагы «Ойбек» көчөнүн аты өзгөртүлүп, Насирдинов Рафиктин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү Араван айылынын «Ойбек» көчөсүнүн тургундарынын жалпы чогулушунун протоколу бекитилсин. (протокол тиркелет).
2. С. Юсупова айылдык Кеңешине караштуу Араван айылында жайгашкан «Ойбек» көчө мындан ары Насирдинов Рафикатындагы көчө деп кайрадан өзгөртүлсүн.
3 .С. Юсупова айыл өкмөтү өзүнүн укуктук-ченемдик актыларында ушул токтомдон келип чыккан иш чаралардын негизинде жана чарба китептеринде өзгөртүүлөрдү киритүүгө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |
| С. Юсупова айылдык Кеңешинин 4-чакырык 15-сессиясынын №15-22 токтому менен бекитилген. |
Араван айылы 26.12.2014-жыл
С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Нооруз айылынын Ойбек көчөсүнүн тургундарынын жалпы чогулушуна көчө тургундарынан, жалпысы болуп 55 адам катышты.
1. Абдураимов Абдуманнон – көчө комитети чогулуштун төрагасы.
2. Тохтасинов Карим – айыл тургуну чогулуштун катчысы.
Айыл активдеринен:
Алимов Собиржон, Дадажонов Холмирза, Обидов Фарход, Набиев Абдукарим жана Сотволдиев Соипжон.
Нооруз айылына караштуу Араван айылынын Ойбек көчөсүнүн атын өзгөртүп, маркум Насирдинов Рафикдин атын коюуу жөнүндө.
Кун тартибиндеги маселе боюнча көчө комитетинин төрагасы Абдураимов Абдуманон сөзгө чыгып, төмөнкүлөргө токтолду.
Урматтуу айыл тургундары! Өзүңүздөргө белгилүү болгондой биздин көчөбүздүн аталышы Ойбек көчөсү болуп аталган. Мен көчө комитети катары районубуз айылыбыз үчүн коп эмгеги сиңген, көп жылдар бою районубуздун көп тармактарында иштеп, районубуздун өнүгүп, өсүүсүнө көп салымын кошкон Насирдинов Рафикдин наамын берүүнү сунуштаймын деп Насирдинов Рафикдин өмүр баяны аткарган иштерине кеңири токтолуп өттү .
Андан кийин сөз алган айыл тургуну Дадажонов Холмирза дагы көчө комитетинин төрагасынын сөзүн кубаттап, төмөнкүлөргө токтолду: Чындыгында Насирдинов Рафик бардыгыбызга жардамы көп тийген, айылыбыздын өнүүгүсүнө чоң салымы тийген.
Ошондуктан Ойбек көчөбүздүн атын жердешибиз болгон Насирдинов Рафикдин атына коюлушун макулдаймын-деп айтты. А.Абдураимовдун бул сунушун айыл тургундары Обидов Фарход, Набиев Абдукарим, Сотволдиев Соипжон, Алимов Собиржон, Ахматкулдов жана башкалар колдошуп, Насирдинов Рафикдин балдары дагы айылдын коомдук иштерге активдүү катышып келе жатышкандыгын дана элге жардам көрсөтүп, келе жатышкандыгын, мындан ары дагы айылыбыздын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерине демилгечи катары иш жүргүзүшүнө токтолушту жана Насирдинов Рафикдин ысмын түбөлүктөштүрүү учун анын жаркын элесин айылыбыз ар дайым элестеп жүрүү максатында Ойбек көчөсүнүн атын өзрөтүрүп, Насирдинов Рафикдин ысмын берүүнү толук колдоп кубатташты.
Кун тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, сөзгө чыккан чогулуштун катышуучуларын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Ойбек көчөсүнүн тургундарынын жалпы чогулушу токтом кылат:
ТОКТОМ:
С. Юсупова айылдык Кеңешине караштуу Нооруз айылында жайгашкан Ойбек көчөсүнүн атын өзгөртүп, Насирдинов Рафикдин ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
Ойбек көчөсүнүн тургундарынын жалпы чогулушунун токтомун бекитип берүү жагы С.Юсупова айылдык Кеңешинен суралсын.
Жалпы чогулуштун төрагасы: | Тохтасинов Каримжон |
Жалпы чогулуштун катчысы: | Набиева Мохтарамхон |