Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-23
С. Юсупова айылдык кеңешинин 16.04.2014-жылдагы 4-чакырык 10-сессиясынын «Араван айылынын Тынчтык көчөсүнүн тургуну Кадыров Шавкат Кабиловичтин арызы жөнүндө» №10-7-токтомуна өзгөртүүлөр жана кошумчалар киритүү жөнүндө
С. Юсупова айылдык кеңешинин 16.04.2014-жылдагы 4-чакырык 10-сессиясынын №10-7-токтомунда Араван айылынын Тынчтык көчөсүнүн тургуну Кадыров Шавкат Кабиловичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндө жеке менчик 219,45 м2 жер тилкесиндеги имаратын бузуп, курулуштук багытын өзгөртүп, чайкана жана соода түйүндөрүн курууга макулдук берилген. Азыркы күндө Кадыров Шавкат Кабилович аталган жерге чайкана жана соода түйүндөрүнүн ордуна дарылоо борбору курууга уруксат сурап жазган арызы карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
С. Юсупова айылдык кеңешинин 16.04.2014-жылдагы 4-чакырык 10-сессиясынын «Араван айылынын Тынчтык көчөсүнүн тургуну Кадыров Шавкат Кабиловичтин арызы жөнүндө» №10-7-токтомуна өзгөртүүлөр жана кошумчалар киритилип, Араван айылынын Тынчтык көчөсүнүн тургуну Кадыров Шавкат Кабиловичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндө жеке менчик 219,45 м2 жер тилкесине дарылоо борбору курууга макулдук берилсин.
С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда Араван айылынын Ленин көчөсүндө жеке менчик 219,45 м2 жер тилкесине дарылоо борбору куруу сунушталсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |