Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-24
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Калинин көчөсүнүн тургуну Юлдашева Мехрихондын арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Калинин көчөсүнүн тургуну Юлдашева Мехрихондын өзүнүн менчик турак үйүнөн айыл мечити куруу үчүн жер ажыратып, айыл тургундарынын демилгесинин негизинде ашар жолу менен ажыратылган жерге мечит курулушун белгилеп, аталган жердин курулуштук багытын өзгөртүп, мечит курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49- беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Калинин көчөсүнүн тургуну Юлдашева Мехрихондын өзүнүн менчик турак үйүнөн жер ажыратып, аталган жердин курулуштук багытын өзгөртүп, Айыл тургундарынын демилгесинин негизинде ашар жолу менен мечит курууга макулдук берилсин.
Юлдашева Мехрихондын жеке менчик үйүнөн ажыратылган жердин курулуштук багытын өзгөртүп, аталган жерге айыл мечитин куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |