Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-25
“Бердике-Араван коому” коомдук фондунун төрагасы А. Жусмаматовдун каты жөнүндө
“Бердике-Араван коому” коомдук фондунун төрагасы А. Жусмаматовдун Ош-Андижан-Ташкент-Сайрам чөлкөмүн жунгар-калмактардан бошотууда өзгөчө эмгек сиңирген, кыргыздын чыгаан баатыры Бердике Берендин эстелегин райондун борборуна орнотуу үчүн Араван айылынын Ленин көчөсүнөн жер аянты ажыратып берүү жөнүндө жазган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Ленин көчөсүнөн “Белек” кинотеатрынын имаратынын алды жагынан Бердике Берендин эстелегин орнотуу үчүн жер аянтын ажыратууга макулдук берилсин.
Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |