Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-26
С. Юсупова айыл Кеңешинин депутаттарынын 12.02.2015-жылдагы №2-протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаттарын ажыратуу боюнча түшкөн арыздарды кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын отурумунун протоколун бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айыл Кеңешинин депутаттарынын 12.02.2015-жылдагы №1-протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаттарын ажыратуу боюнча түшкөн арыздарды кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын 17.02.2015-жылдагы отурумунун №2-протоколун карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Кеңешинин депутаттарынын 12.02.2015-жылдагы №1-протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаттарын ажыратуу боюнча түшкөн арыздарды кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын 17.02.2015-жылдагы отурумунун №2-протоколу бекитилсин. (протоколдор тиркелет)
2. Протоколдо каралган маселелер айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетине киритилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |
Араван айылы 12.02.2015-жыл
Отурум С. Юсупова айыл өкмөтүнүн отурумдар залында өткөрүлүп, С. Юсупова айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрөгалары жана мүчөлөрү катышты.
Маннанов Бобур – Айылдык Кеңештин төрагасы, отурумдун төрагасы;
Нарматов Канат – Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары;
Махмудов Анвар – Айылдык Кенештин депутаты, отурумдун катчысы;
С. Юсупова айылдык кеңешине, айыл өкмөтүнө келген каттар жана арыз даттанууларды кароо боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө.
Угулду
Отурумду айылдык кеңештин төрагасы ачып, күн тартибиндеги маселе боюнча депутаттарыды тааныштырып төмөнкүлөргө токтолду:
Урматтуу депутаттар! Өзүңүздөргө белгилүү болгондой айылдык Кеңешине ишкана мекемелерден жана жарандардан ар түрдүү маанидеги арыздар түшүп жатат. Бул катар жана арыздарды мүмкүн болушунча сессияларда карап жатабыз. Бирок, сесияларда арыздарды кароо көп убакыттарды талап кылып жатат. Азыркы күндө дагы бизге көптөгөн арыздар келип түшкөн. Менин сунушум арыздарды, каттарды алдын ала комиссияда карап, комиссиянын корутунду сунушунун негизинде сессияда карап, жыйынтык чыгаруу керек. Ошондуктан ар бир участкадан шайланган депутаттардан комиссия түзсөк. Комиссия арыздарды карап, сессияда кароо боюнча өздөрүнүн сунуштарын берсе деп сөзүн аяктады.
Андан кийин сөз алган депутат Канат Нарматов чындыгында арыздар көп, калаберсе шайлоочуларыбыз ар бир депутатка дагы арыз жазып кайрылышууда. Депутат катары биз алардын кайрылууларын албасак болбойт. Калаберсе биз арыздарды сессияда кароону сунуштайбыз. Ошондуктан алдын ала комиссия карап чыгып, сессияга сунуштаса жакшы болот.
Отурумдун жүрүшүндө сөз алган депутат Вахапов Патидин дагы жогорудагы депутаттардын сунуштарын колдоп, төмөнкүлөргө токтолду.
Чындыгында арыздар көп. Ар бир депутат өзүнүн шайлоочуларынын көйгөйлүү маселелерин чечип берүүгө аракет кылышат. Бирок, ар бир маселени чечүү үчүн акча каражат зарыл. Айыл өкмөтүнүн бюджети болсо чектелген. Ошондуктан ар бир айылдагы маселени чечүүгө бюджеттен бирдей каражат ажыратуу максатында арыздар комиссияда каралса жакша болот.
Отурумда катышкан депутаттар дагы бул сунуштарды бир добуштан колдошуп, комиссиянын курамын ар бир шайлоо участкасынын бирден депутат киритилсин жана комиссиянын курамы сегиз кишиден турсун деген жыйынтыкка келишти.
Андан кийин депутаттар тарабынан комиссиянын курамына кирүүчү депутаттар сунушталды.
Сунуштардын боюнча төмөнкү депуттар комиссянын курамына киритилди.
Нарматов Канат – Октябрь шайлоо участкасынан депутат.
Тилавалдиева Махарам – Араван шайлоо участкасынан депутат.
Мойдинов Алер – Победа шайлоо участкасынан депутат.
Бойдиров Толиб – Токтогул шайлоо участкасынан депутат.
Турдиев Шахобиди – Бирлик шайлоо участкасынан депутат.
Вахопов Патидин - Хамза шайлоо участкасынан депутат.
Юлдашев Махмуд – Х. Абдулла шайлоо участкасынан депутат.
Каюмов Аброр – А. Сайдахматов шайлоо участкасынан депутат.
Комиссиянын курамы бир добуштан колдоого алынды.
Күн тартибиндеги маселе депутаттар тарабынан карап чыгылып, депутатык отурум токтом кылат.
ТОКТОМ:
С. Юсупова айылдык кеңешине, айыл өкмөтүнө келген каттар жана арыз даттанууларды кароо боюнча төмөнкү курамда депутаттык комиссия түзүлсүн:
Нарматов Канат – Октябрь шайлоо участкасынан депутат.
Тилавалдиева Махарам – Араван шайлоо участкасынан депутат.
Мойдинов Алер – Победа шайлоо участкасынан депутат.
Бойдиров Толиб – Токтогул шайлоо участкасынан депутат.
Турдиев Шахобиди – Бирлик шайлоо участкасынан депутат.
Вахопов Патидин – Хамза шайлоо участкасынан депутат.
Юлдашев Махмуд – Х. Абдулла шайлоо участкасынан депутат.
Каюмов Аброр – А. Сайдахматов шайлоо участкасынан депутат.
Депутаттык комиссияга ар бир арызды өз алдынча карап, өздөрүнүн отурумунун протоколунун негизинде корутунду сунуштарын айылдык кеңештин сессиясына сунуштоого жана сессиянын жыйынтыктоочу токтомдору менен арыз ээлерине жазуу түрүндө билдирүү берүүгө милдеттендирилсин.
Мындан ары дагы жарандар тарабынан келип түшкөн арыздар комиссиянын кароосуна берилсин жана Кыргыз Республикасынын «Жарандарды кайрылууларын кароо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын жана өз мөөнөтүндө аткарылышы боюнча толук жоопкерчилик жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин төрагасы Маннанов Бобурга жүктөлсүн.
Отурумдун төрагасы: | Б. Маннанов |
Отурумдун катчысы: | А. Махмудов |
17.02.2015-ж. Араван айылы.
Катышышты: Атайын комиссия мүчөлөрү
1.Гуламидинов Н- айылдык кеңештин депутаты комиссиянын төрагасы.
2.Вахапов П - айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү.
3.Нарматов К- айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү.
4.Мойдинов А- айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү.
5.Байдиров Т- айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү.
6.Турдиев Ш- айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү.
7.Каюмов А- айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү.
8.Юлдашев М- айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү.
9.Шоиев У- айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү.
С.Юсупова айылдык Кеңешинин 12.02.2015-жылдагы №1 токтомунун негизинде түзүлгөн жогорудагы комиссиясы айыл өкмөтүнүн тургундары жана мекеме ишканалар тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык кеңешинин төрагасына жана депутаттарынын атына жазылган арыздарын, кайрылууларын үйрөнүп, чечүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңешинин депутаты П.Вахапов билдирүү берип, айылдык кеңешинин 12.02.2015-жылдагы №1-токтомунун негизинде түзүлгөн жогорудагы комиссиясына өзүңүздөргө белгилүү депутат Тилловолдиева М иш сапары менен командировкага кеткендигине байланыштуу биз айылдык кеңешинин төрагасы Б.Маннанов менен кеңешип, Н.Гуламидиновду комиссиянын төрагасы жана мүчөсүнө У. Шоиевдер кирген.
Негизинен биз кароочу маселе айыл өкмөтүнүн тургундары жана мекеме ишканалар тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык кеңешинин төрагасына жана депутаттарынын атына жазылган арыздарын,кайрылууларын үйрөнүп, мыйзам чегинде чечүү.
Арыз кайрылуулар негизинен айылдардын инфраструктурасын жакшылоо максатында баары акча каражаттарына такалат.
Урматтуу депутаттар, негизги биз айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетин бекитерден алдын жогоруудагы арыздарды, кайрылууларды мыйзам чегинде чечип алсак.
Айыл тургундарын арыз кайрылуулары менен таныштырып кетейин.
Негизинен 67 арыз, кайрылуулар биздин дарекке келип түшкөн мындан 60 арыз айыл тургундарынан, 7 ишкана мекемелердин кайрылуулары.
Бүгүн ушул арыз кайрылууларды комиссия тарабынан үйрөнүп чыгып, кезектеги сессияга бекитип берүү жагы сунушташыбыз керек деп арыз кайрылуулар боюнча кеңири токтолуп өттү.
Сөзгө комиссиянын төрагасы Н.Гуломидинов өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолуп өттү. Комиссия мөчөлөрү биз сиздер менен жогоруда айыл тургундарыдан жана мекеме ишканалардын арыз кайрылууларын, ар тараптуу карап, үйрөнүп, биргеликте мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн бюджетине стаьялары негизинде ремонттоо жана ар түрдүү чыгашалары боюнча бекитүү, мыйзамга ылайык керектүүлөргө 2015-жылда аткарылуучу иштерге акча каражатын ажыратуу зарылдыгын билдирип, комиссия тарабынан болжолдуу түзүлгөн. Айыл өкөмөтүнүн 2015-жылга карата сарпталуучу акча каражатынын ремонт, ар түрдүү чыгымдардын статьялары менен түзүлгөн ,биз карап жаткан айыл тургундарынан мекеме ишканалардын түшкөн арыз, кайрылууларга акча каражатын мыйзам чегинде бөлүү шайлоо участкаларына карата бөлүнгөн.
2015-жылга карата айыл өкмөтүнүн төмөндөгү шайлоо участкасынын шайлоочуларынан түшкөн арыздар болгондуктан «Октябрь» , «Пахта-Арал», «Х.Абулла », «Бирлик », «Хамза», «Сайдахматов», «Токтогул» жана «Победа» участкаларына аткарылуучу иштерге айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылуучу акча каражаттарын тизмеси менен таныштырды.
Сөзгө айыл Кеңештин депутатарынан Нарманов К, Каюмов А, Бойдиров Т, Турдиев Шлар чыгышып, незинен 2015 жылда айыл өкмөтүнүн бюджетинен ремонт, ар түрдүү чыгымдардын эсебинен айыл тургундарына жана ишкана мекемелердин арыз кайрылууларына 8 млн 520 миң сом ажыратуу боюнча өздөдөрүнүн ой пикирлерин, негизинен тизме боюнча туура экенин билдиришип, кезектеги сессияга кою жагына токтолушту.
күн тартибиндеги маселе боюнча айыл Кеңештин депутаттарынан турган комиссия токтом кылат:
ТОКТОМ:
С.Юсупова айылдык Кеңешинин депутаттарына бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттарынын биргелешкен комиссиясы айыл тургундарынан жана ишкана мекемелеринен айылдык кеңешинин төрагасынын, депутаттарынын жана айыл өкмөтүнүн башчысын атына жазылган арыз кайрылуулары боюнча түзүлгөн тизмеси айылдык кеңешинин сессиясында бекитип берүү жагы суралсын. Атайын тизме 3 баракта тиркелет.
С.Юсупова айылдык Кеңеши өзүнүн сессиясында 2015-жылдын бюджеттин чыгаша бөлүгүн түзүүдө атайын комиссиянын айыл өкмөтүнүн бюджетинен ремонт жана ар түрдүү чыгашаларынан жалпысы 8 млн 520 миң сом акча ажыратылышын эске алуусу сунушталсын.
Айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Базарбаев айыл өкмөтүнүн бюджетин киреше . чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана кошумча түшкөн каражаттары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тиртипте айылдык кеңешинин экономика, каржы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына кезек кезеги менен маалымат берүүгө милдеттендирилсин.
С. Юсупова айылдык кеңешине, С. Юсупова айыл өкмөтүнө райондук ишкана мекемелерден, айыл тургундарынан айыл өкмөтүнүн бюджетинен айыл инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жана ар түрдүү иш чаралар үчүн каражат ажыратуу боюнча жазылган каттар, арыздарга ушул протоколдун негизинде арызды жана катты аткаруучу тарабынан арыздануучуларга жообун кайтаруу жагы белгиленсин.
Чогулуштун төрагасы: | Гуламидинов Н |
Катчысы: | Вахапов П |
С. Юсупова айыл өкмөтү тарабынан аткарылуучу иш чараларга айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин «ремонт» жана «ар түрдүү чыгымдар» беренелери боюнча бөлүнгөн каражаттардын тизмеси
№ | Обьекттердин аталышы | Аткарылуучу иш чаралар | Бөлүнгөн каражат (миң сом) |
Октябрь шайлоо участкасы | |||
| Октябрь айылы | «Теват» каналын тазалоо | 50,0 |
| Октябрь айылы | Жаңы конуштардагы жолдорго шагыл бастыруу | 50,0 |
| Октябрь айылы | Трансформатор сатып алуу жана орнотуу | 250,0 |
| Октябрь айылы | Тротуар куруу | 200,0 |
| Манас орто мектеби | Ашкана куруу | 274,0 |
| Бардыгы |
| 824,0 |
Араван шайлоо участкасы | |||
| Наваи орто мектеби | Суу сактагыч (емкость) сатып алып, ортнотуу | 70,0 |
| Ибн сина көчөсү (Наваи мектебинен Госрегистр имаратына чейин) | Жолду асфальтто | 500,0 |
| «Радуга» балдар бакчасы | Тротуар куруу | 50,0 |
| Жомиң көчөсү | Трансформатор сатып алып орнотуу | 100,0 |
| Алыш башы көчөсү | Трансформатор сатып алып орнотуу | 100,0 |
| «Радуга» балдар бакчасы | Чатырын ремонтто | 200,0 |
| Х. Абдулла көчөсү | Жолду ремонтто | 40,0 |
| Көчөлөр | Жашылдандыруу | 40,0 |
| Бардыгы |
| 1100,0 |
Х. Абдулла шайлоо участкасы | |||
| Х. Абдулла орто мектеби | Айланасын темир тосмо менен тосуу | 300,0 |
| Х. Абдулла орто мектеби | Мектептин терезелерин алмаштыруу | 200,0 |
| Чкалов көчөсү | Жолду асфальттоо | 300,0 |
| Б. Айдаров көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөр | Чыгындыларды ташып чыгуу | 24,0 |
| Бардыгы |
| 824,0 |
Бирлик шайлоо участкасы | |||
| Бирлик башталгыч мектеби | Ремонт иштерин аткаруу | 200,0 |
| С. Юлдашев көчөсү | Таза ичимдик суу чыгаруу | 120,0 |
| С. Айний көчөсү | Тротуар куру | 150,0 |
| Эгамбердиев, Навои, Матисаев көчөлөрү | Жолду ремонттоо | 200,0 |
| Дамарик көчөсү | Жолду ремонттоо | 200,0 |
| М. Султанов | Тротуар куру | 100,0 |
| Көчөлөр | Көрктөндүрүү | 30,0 |
| Бардыгы |
| 1000,0 |
Хамза шайлоо участкасы | |||
| С. Шарипов орто мектеби | Бибилиотека ремонту жана көмүр сактоочу навес куру | 330,0 |
| С. Шарипов орто мектебинин филиалы | Мектептин тегерегин тосуу жана стадионду ремонтто | 40,0 |
| Хамза көчөсү | Жол ремонту, көпүрөө ремонту жана түнкү жарыткычтар орнотуу | 45,0 |
| С. Айний көчөсү | Жол ремонту жана түнкү жарыткычтар орнотуу | 35,0 |
| Жаңы чек көчөсү (шийпон) | Жол ремонту жана электр мамычаларын орнотуу | 40,0 |
| Бобур-2 көчөсү | Жол ремонту жана таза ичимдик суу түтүктөрүн ремонтто | 20,0 |
| Кызыл-Дөбө көчөсүнөн суу скважинасына чейин | Жол ремонту жана электр зымдарын тартуу | 65,0 |
| В. Ахмедов көчөсү | Жол ремонту жана түнкү жарыткычтар орнотуу | 80,0 |
| Кызыл-Дөбө көчөсүндөгү жаңы чектер, алты көчөсү | Жол ремонту, көпүрөө ремонту жана түнкү жарыткычтар орнотуу | 81,0 |
| Х. Сидиков көчөсү | Жол ремонту жана арыктарды тазалоо | 392,0 |
| Х. Сидиков жана сой көчөсү кесилишкен жер | Жол ремонту жана түнкү жарыткычтар орнотуу | 60,0 |
| Б. Айдаров көчөсү | Таза ичимдик суу чыгаруу, түнкү жарыткычтар орнотуу, жолго трубалар орнотуу, автоунаалардын ыладамдыгын азайтуу тосмолорун орнотуу (лежащий полиция) | 50,0 |
| Кызыл-Дөбө көчөсүндөгү жаңы чектер | Трансформатор орнотуу, скважина ремонту | 280,0 |
| Куйгон арык участкасы | Көпүрөө ремонту | 20,0 |
| Х. Файзуллаев көчөсү | Жол ремонту жана түнкү жарыткычтар орнотуу | 40,0 |
| Бобур көчөсү | Жол ремонту | 100,0 |
| Бобур көчөсүнөн балдар бакчасына чейин | Жол ремонту | 50,0 |
| Х. Файзуллаев көчөсү менен Б. Айдаров көчөсү кесилишкен жер | Көпүрөө ремонту | 20,0 |
| Бардыгы |
| 1748,0 |
А. Сайдахматов шайлоо участкасы | |||
| А. Сайдахматов орто мектеби | Кателныйын ремонтто | 100,0 |
| Токтогул көчөсү | Тротуар орнотуу | 300,0 |
| М. Султанов көчөсү | Тротуар орнотуу | 300,0 |
| Жаңы чек көчөсү | Жол ремонту | 120,0 |
| Эрке Кашка айылы | Жол ремонту | 120,0 |
| Сутхор айылы | Балдар бакчасын реконструкциялоо | 150,0 |
| Бардыгы |
| 1100,0 |
Токтогул шайлоо участкасы | |||
| Г. Нарбаев мектеби | Спорт жабдууларын сатып алуу жана мектепти ремонттоо | 200,0 |
| Ленин көчөсү | Тротуар орнотуу | 500,0 |
| Жанат көчөсү жана Канал участкасы | Трансформатор орнотуу | 150,0 |
| Жанат, Горький көчөлөрү | Көпүрөө ремонту | 50,0 |
| Ленин көчөсү | Жол ремонту | 30,0 |
| Артыкходжаев көчөсү | Арыктарды тазалоо | 30,0 |
| Горький көчөсү | Электр мамычаларын орнотуу | 80,0 |
| Ленин көчөсү | Аялдама куру | 50,0 |
| Көчөлөр | Көрктөндүрүү | 10,0 |
| Бардыгы |
| 1100,0 |
Победа шайлоо участкасы | |||
| Калинин көчөсү | Жол ремонту | 300,0 |
| Ленин көчөсүнүн тегирмен башы | Арыктарды тазалоо | 150,0 |
| Наваи көчөсү | Жол ремонту жана көпүрөө ремонту | 50,0 |
| Победа участкасы | Жол ремонту | 100,0 |
| Наваи көчөсүнүн жаңы чектери | Трансформатор орнотуу | 50,0 |
| Калинин жана Айбек көчөлөрү | Таза ичимдик суу чыгаруу | 50,0 |
| Ленин көчөсү | Тротуар орнотуу | 124,0 |
| Бардыгы |
| 824,0 |
|
|
|
|
| Жалпысы |
| 8520,0 |
___________________ Гуламидинов Н
___________________Вахапов П
___________________Нарматов К
___________________Мойдинов А
___________________Байдиров Т
___________________Турдиев Ш
___________________Каюмов А
___________________Юлдашев М
___________________Шоиев У