Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-27
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын М. Султанов көчөсүнүн №53-үйүнүн тургуну Умаралиев Артикжандын арызы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын М. Султанов көчөсүнүн №53-үйүнүн тургуну Умаралиев Артикжандын өзүнүн 780 м2 жер аянтында жайгашкан менчик турак үйүнүн 74,25 м2 жер тилкесинин курулуштук багытын өзгөртүп, аталган жерге автоунаа оңдоочу кичи устакана курууга арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын М. Султанов көчөсүнүн №53-үйүнүн тургуну Умаралиев Артикжандын өзүнүн 780 м2 жер аянтында жайгашкан менчик турак үйүнүн 74,25 м2 жер тилкесинин курулуштук багытын өзгөртүп, аталган жерге автоунаа оңдоочу кичи устакана курууга макулдук берилсин.
2. Умаралиев Артикжан жеке менчик үйүнөн ажыратылган жердин курулуштук багытын өзгөртүп, аталган жерге автоунаа оңдоочу кичи устакана куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |