Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-28
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнөн өтүүчү Араван-Сайдын үстүнө көпүрөө куруу жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнөн өтүүчү Араван-Сайдын үстүнө автоунаалар жана жүргүнчүлөр үчүн көпүрөө куруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн элинин суранычтарын канааттандыруу жана автоунаалардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу жолдордо автоунаа каттамдарын жеңилдетүү максатында депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнөн өтүүчү Араван-Сайдын үстүнө автоунаалар жана жүргүнчүлөр үчүн көпүрөө курууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, Ош облусунун Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн жана Араван районунун мамлекеттик администрациясынан көпүрөө куруу үчүн каржы маселесин чечүүгө жардам берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |