Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-32
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №7-үйүнүн тургуну Алимкулов Набинин арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №7-үйүнүн тургуну Алимкулов Набинин өзү жашап тургун жеке менчик үйүнүн алдындагы жер тилкесин автоунаа жуучу ишкана куруп, мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүнү суранып жазган боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван Ленин көчөсүндөгү жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары катталсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №7-үйүнүн тургуну Алимкулов Набинин өзү жашап тургун жеке менчик үйүнүн алдындагы жер тилкесин автоунаа жуучу ишкана куруп, мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү жер тилкеси мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
4 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |