Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-33
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын М. Султонов көчөсүнүн тургуну Юлдашов Исройилжон Абдирайимовичтин арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын М. Султонов көчөсүнүн тургуну Юлдашов Исройилжон Абдирайимовичтин өзүнүн менчик Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү 136,5 м2 жеринин курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын М. Султонов көчөсүнүн тургуну Юлдашов Исройилжон Абдирайимовичтин өзүнүн менчик Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү 136,5 м2 жеринин курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй курууга макулдук берилсин.
2. Юлдашов Исройилжон Абдирайимовичтин өзүнүн менчик жеринин курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй куруу курулуштук багытын өзгөртүп, аталган жерге маала мечити куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |