Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-35
А. Анаров айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Беш каран көчөсүнүн №17-үйүнүн тургуну Садыков Мухаммаджон Канахаджоновичтин арызы жөнүндө
А. Анаров айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Беш каран көчөсүнүн №17-үйүнүн тургуну Садыков Мухаммаджон Канахаджоновичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнөн коммерциялык дүкөн куруу үчүн ажыратылган 17,5 м2 жер учатогунун пайдалануу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, аталган жерди жеке менчике сатып алуу жөнүндө арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү 17,5 м2 жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары катталсын.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү 17,5 м2 жер тилкеси Араван айылынын Беш каран көчөсүнүн №17-үйүнүн тургуну Садыков Мухаммаджон Канахаджоновичке жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.
3. Садыков Мухаммаджон Канахаджоновичке жерди жеке менчикке сатуу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |