Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 15-38
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Зилол суу», «Бирлик», “Төрт-Таш” айылдык коомдук бирикмелеринин таза ичимдик сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндөгү жалпы чогулушунун протоколдорун жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Зилол суу», «Бирлик», “Төрт-Таш” айылдык коомдук бирикмелеринин таза ичимдик сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндөгү жалпы чогулушунун протоколдорун бекитүү жөнүндө коомдук бирикмелердин башчыларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык округудук Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Зилол суу», «Бирлик», “Төрт-Таш” айылдык коомдук бирикмелеринин таза ичимдик сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндөгү жалпы чогулушунун протоколдору бекитилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Зилол суу», «Бирлик», “Төрт-Таш” айылдык коомдук бирикмелеринин 2015-жылга карата таза ичимдик сууга болгон тарифтери төмөнкүдөй бекитилсин:
«Зилол суу» айылдык коомдук бирикмеси үчүн:
- менчик үйүнүн ичинен таза ичимдик суудан пайдалангандар үчүн жан башына бир айга – 20 (жыйырма) сом;
- Көчөдө ташып таза ичимдик суудан пайдалангандар үчүн жан башына бир айга – 15 (он беш) сом;
- Алыс жерден ташып таза ичимдик суудан пайдалангандар үчүн жан башына бир айга – 10 (он) сом;
«Бирлик» айылдык коомдук бирикмеси үчүн:
- менчик үйүнүн ичинен таза ичимдик суудан пайдалангандар үчүн жан башына бир айга – 20 (жыйырма) сом;
- Көчөдө ташып таза ичимдик суудан пайдалангандар үчүн жан башына бир айга – 15 (он беш) сом;
- Алыс жерден ташып таза ичимдик суудан пайдалангандар үчүн жан башына бир айга – 5 (беш) сом;
«Төр-Таш» айылдык коомдук бирикмеси үчүн:
- менчик үйүнүн ичинен таза ичимдик суудан пайдалангандар үчүн жан башына бир айга – 23 (жыйырма үч) сом;
- Көчөдө ташып таза ичимдик суудан пайдалангандар үчүн жан башына бир айга – 15 (он беш) сом;
3. С. Юсупова айылдык округунун Араван айылынын аймагында жашаган калкты таза ичимдик суу менен камсыз кылууда суу насосторун үзгүлтүксүз иштешин, ичимдик сууду санитардык нормасына жооп берүүсүн камсыз кылуу, суудан пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимдердин сандык жана сапаттык жагын карап чыгып, ички резервтерден пайдалануу менен иш жүргүзүү коомдук бирикмелердин башчыларына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык округдук Кеңешинин Кенешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |