Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-2
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө милициянын аймактык тескөөчүсү К. Камаловдун маалыматын угуп, талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кенеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө милициянын аймактык тескөөчүсү К. Камаловдун маалыматы эске алынсын.
2 .Кылмыштуулуктун алдын алууда жер-жерлердеги коомдук уюмдар эсептелген, көчө комитеттери, аялдар кеңеши, аксакалдар соту, жамааттар менен тыгыз байланышта болуп эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин, профилактиканы күчөтүп, иш алып баруу колго алынсын.
3. Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түнкү күзөтүү уюштуруп «Сакчы» тобун ишин жандандырып, аларга усулдук жардам көрсөтүү менен жаштар арасында кеңири түшүндүрүү иштерин колго алып, тегерек столдорду, практикалык окуу-семинарларды уюштуруп, аларга адистерди чакыруу менен жаштарды кылмыштуулуктан кайтарууну бардык чараларын көрүү аймактык тескөөчүлөргө, айыл өкмөтүнүн жаштар комитетине тапшырылсын.
4 .Айылдык Кенештин аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу, диний-экстремизмге каршы күрөшүү максатында айыл Өкмөтүнүн аймагынан Сирия, Ирак мамлекеттеринде болуп жаткан согуш майданына «Джихад» кылуу максатында чыгып кеткен деп шектелген жарандардын тизмелери такталып жана алардан үй бүлө мүчөлөрү, бир туугандары, ата-энелери жана балдардары менен профилактик түшүндүрүү иштерин алып бару жагы колго алынсын.
5 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясына жана С.Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |