Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-5
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы №1-УБДТнын аймагынан аптека курууга жер ажыратуу боюнча Араван айылынын тургуну Бекова Алиманынын, №1-УБДТнын эмгек жамаатынын жана стомотологиялык бөлмө курууга жер ажыратып берүү боюнча Абдуллаев Адахамжондын арыздарын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы №1-УБДТнын аймагынан аптека курууга жер ажыратуу боюнча Араван айылынын тургуну Бекова Алиманынын, №1-УБДТнын эмгек жамаатынын жана стомотологиялык бөлмө курууга жер ажыратып берүү боюнча Абдуллаев Адахамжондын жазган арыздарын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы №1-УБДТнын аймагынан аптека курууга жер ажыратуу боюнча Араван айылынын тургуну Бекова Алиманынын, №1-УБДТнын эмгек жамаатынын жана стомотологиялык бөлмө курууга жер ажыратып берүү боюнча Абдуллаев Адахамжондын жазган арыздары С. Юсупова айылдык кеңешинин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда кароо үчүн жөнөтүлсүн.
2 .Жогоруда көрсөтүлгөн маселе С. Юсупова айылдык кеңешинин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутунду актынын негизинда айылдык кеңештин кийинки сессияларында чечүү үчүн кайрадан кароо белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңешинин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннанов |