Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-6
Керме-Тоо айыл Өкмөтүнүн тургуну К. Махкамовдун айыл Өкмөтүнүн Алмалык участкасындагы бузулуп кеткен чочкана имаратын ордуна мал, кой багуучу короо курууга уруксат сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айыл Өкмөтүнүн тургуну К. Махкамовдун айыл Өкмөтүнүн Алмалык участкасындагы бузулуп кеткен чочкана имаратын ордуна мал, кой багуучу короо курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда Керме-Тоо айыл Өкмөтүнүн тургуну К. Махкамовго айыл Өкмөтүнүн Алмалык участкасындагы бузулуп кеткен чочкана имаратын ордуна мал, кой багуучу короо курууга макулдук берилсин.
2. Керме-Тоо айыл Өкмөтүнүн тургуну К. Махкамовго айыл Өкмөтүнүн Алмалык участкасындагы бузулуп кеткен чочкана имаратын ордуна мал, кой багуучу короо курууга уруксат берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда кароо белгиленсин.
3 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |