Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-8
Араван айылынын Мир көчөсүнүн тургуну Г. Жаббарованын Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү «Жеңиш» мемориалдык комплексинин аймагынан жеңил типтеги гүл сатуучу дүкөн орнотууга жер ажыратып берүүнү суранып жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Мир көчөсүнүн тургуну Г. Жаббарованын Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү «Жеңиш» мемориалдык комплексинин аймагынан жеңил типтеги гүл сатуучу дүкөн орнотууга жер ажыратып берүүнү суранып жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Араван айылынын Мир көчөсүнүн тургуну Г. Жаббаровага Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү «Жеңиш» мемориалдык комплексинин аймагынан С. Юсупова айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жеңил типтеги гүл сатуучу дүкөн орнотуу үчүн жер тилкеси ажыратууга макулдук берилсин.
2 .Араван айылынын Мир көчөсүнүн тургуну Г. Жаббаровага Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү «Жеңиш» мемориалдык комплексинин аймагынан жеңил типтеги гүл сатуучу дүкөн орнотуу үчүн жер ажыратууга уруксат берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда кароо жагы белгиленсин.
3 .Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннанов |