Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-9
Араван айылындагы Х. Абдуллаев атындагы орто мектептин директору Т. Алимованын жана айылдык кеңештин депутаттары Н. Гуломидинов, М. Юлдашев, Д. Хожиматовдордун мыйзамсыз менчиктештирилген мурда Х. Абдуллаев атындагы орто мектептин Китепкана имаратын жана ага тийиштүү болгон жерди кайра Х. Абдуллаев атындагы орто мектепке өткөрүп берүү боюнча өткөрүлүүчү соттук отурумдарга айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен жана депутаттык комиссия түзүп, катышып берүүнү суранып жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылындагы Х. Абдуллаев атындагы орто мектептин директору Т. Алимованын жана айылдык кеңештин депутаттары Н. Гуломидинов, М. Юлдашев, Д. Хожиматовдордун мыйзамсыз менчиктештирилген мурда Х. Абдуллаев атындагы орто мектептин Китепкана имаратын жана ага тийиштүү болгон жерди кайра Х. Абдуллаев атындагы орто мектепке өткөрүп берүү боюнча өткөрүлүүчү соттук отурумдарга айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен жана депутаттык комиссия түзүп катышып берүүнү суранып жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айылдык кеңешинин жер турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, №5350-“Араван”, №5520-“Х. Абдулла” шайлоо участкасынын шайланган депуттар жана айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча адиси менен бирдикте депутаттык комиссия түзүлүп, комиссияга Араван айылындагы Х. Абдуллаев атындагы орто мектептин директору Т. Алимованын жана айылдык кеңештин депутаттары Н. Гуломидинов, М. Юлдашев, Д. Хожиматовдордун мыйзамсыз менчиктештирилген мурда Х. Абдуллаев атындагы орто мектептин Китепкана имаратын жана ага тийиштүү болгон жерди кайра Х. Абдуллаев атындагы орто мектепке өткөрүп берүү боюнча өткөрүлүүчү соттук отурумдарга катышуу сунушталсын.
2. Х. Абдуллаев атындагы орто мектептин Китепкана имаратын жана ага тийиштүү болгон жерди кайра Х. Абдуллаев атындагы орто мектепке өткөрүп берүүгө жардам берүү боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын атынан тийиштүү сот органдарына кайрылуу жазылсын.
3 .Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннанов |