Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-10
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Токтогул көчөсүнүн тургуну Комилов Абдулахат Улмасовичтин өзүнүн менчик үйүнүн алдынан автоунааларды тейлөөчү жана оңдоочу устакана куруу үчүн жер ажыратып берүүнү суранып жазган арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Токтогул көчөсүнүн тургуну Комилов Абдулахат Улмасовичтин өзүнүн менчик үйүнүн алдынан автоунааларды тейлөөчү жана оңдоочу устакана куруу үчүн жер ажыратып берүүнү суранып жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Токтогул көчөсүнүн тургуну Комилов Абдулахат Улмасовичке өзүнүн менчик үйүнүн алдындагы жер тилкесинен С. Юсупова айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда автоунааларды тейлөөчү жана оңдоочу устакана куруп, убактылуу пайдалануу үчүн берүүгө макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Токтогул көчөсүнүн тургуну Комилов Абдулахат Улмасовичке өзүнүн менчик үйүнүн алдындагы жер тилкесине автоунааларды тейлөөчү жана оңдоочу устакана куруп, убактылуу пайдаланууга уруксат берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда кароо жагы белгиленсин.
3 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |