Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-11
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Ленин көчөсүнүн тургуну Музаффаров Саидмахмуд Мирзахматовичтин өзүнүн менчик үйүнүн алдынан жеңил типтеги навес куруу үчүн жер ажыратып берүүнү суранып жазган арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Ленин көчөсүнүн тургуну Музаффаров Саидмахмуд Мирзахматовичтин өзүнүн менчик үйүнүн алдынан жеңил типтеги навес куруу үчүн жер ажыратып берүүнү суранып жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Ленин көчөсүнүн тургуну Музаффаров Саидмахмуд Мирзахматовичке өзүнүн менчик үйүнүн алдындагы жер тилкеси С. Юсупова айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жеңил типтеги навес куруп, убактылуу пайдалануу үчүн макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Ленин көчөсүнүн тургуну Музаффаров Саидмахмуд Мирзахматовичке өзүнүн менчик үйүнүн алдындагы жер тилкесине жеңил типтеги навес куруп, убактылуу пайдаланууга уруксат берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда кароо жагы белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |