Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-12
Араван айылынын тургуну Мамасаидов Махамаджон Тошалиевичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү жеке менчик Агротехсервистин жерин курулуштук багытын өзгөртүп, окуу корпусу (колледж) курууга уруксат сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын тургуну Мамасаидов Махамаджон Тошалиевичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү жеке менчик Агротехсервистин жерин курулуштук багытын өзгөртүп, окуу корпусу (колледж) курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Араван айылынын тургуну Мамасаидов Махамаджон Тошалиевичке Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү жеке менчик Агротехсервистин жерин курулуштук багытын өзгөртүп, окуу корпусу (колледж) курууга С. Юсупова айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда макулдук берилсин.
2. Араван айылынын тургуну Мамасаидов Махамаджон Тошалиевичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү жеке менчик Агротехсервистин жерин курулуштук багытын өзгөртүп, окуу корпусу (колледж) куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда кароо белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |