Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-15
Араван айылынын тургуну Абдурахмонов Акмалжон Махаматкаримовичтин Араван айылынын Азизохунов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик лимонад цехин жерин курулуштук багытын өзгөртүп, аталган жерге турак үй курууга уруксат сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын тургуну Абдурахмонов Акмалжон Махаматкаримовичтин Араван айылынын Азизохунов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик лимонад цехин жерин курулуштук багытын өзгөртүп, аталган жерге турак үй курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
Араван айылынын тургуну Абдурахмонов Акмалжон Махаматкаримовичке Араван айылынын Азизохунов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик лимонад цехин жерин курулуштук багытын өзгөртүп, аталган жерге турак үй курууга С. Юсупова айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда макулдук берилсин.
Араван айылынын тургуну Абдурахмонов Акмалжон Махаматкаримовичтин Араван айылынын Азизохунов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик лимонад цехин жерин курулуштук багытын өзгөртүп, аталган жерге турак үй куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда кароо белгиленсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |