Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-16
Араван айылынын Жоми көчөсүнүн тургуну Маматохунов Шерали Тавакилжановичтин Араван айылындагы “Достук” стадионун аймагынан өзүнүн эсебинен муниципалдык менчик катары кичи футбол аянтчасы курууга жер ажыратууну суранып жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Жоми көчөсүнүн тургуну Маматохунов Шерали Тавакилжановичтин Араван айылындагы “Достук” стадионун аймагынан өзүнүн эсебинен муниципалдык менчик катары кичи футбол аянтчасы курууга жер ажыратууну суранып жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Араван айылынын Жоми көчөсүнүн тургуну Маматохунов Шерали Тавакилжановичтин Араван айылындагы “Достук” стадионун аймагынан өзүнүн эсебинен муниципалдык менчик катары кичи футбол аянтчасы курууга С. Юсупова айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер ажыратууга макулдук берилсин.
2 .Араван айылынын Жоми көчөсүнүн тургуну Маматохунов Шерали Тавакилжановичтин Араван айылындагы “Достук” стадионун аймагынан өзүнүн эсебинен муниципалдык менчик катары кичи футбол аянтчасы курууга жер ажыратуу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда кароо белгиленсин.
3 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |