Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-17
Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Кадирходжаева Абадатхон Кургумбаевнанын болгон мурда МСО болгон курулуш аянтынан жеке менчикке кампа (склад) жайгашкан 760 м2 жердин, 245,5 м2 жерин курулуштук багытын өзгөртүп, автоунааларды оңдоочу жана жуучу ишкана курууга уруксат сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Кадирходжаева Абадатхон Кургумбаевнанын болгон мурда МСО болгон курулуш аянтынан жеке менчикке кампа (склад) жайгашкан 760 м2 жердин, 245,5 м2 жерин курулуштук багытын өзгөртүп, автоунааларды оңдоочу жана жуучу ишкана курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Кадирходжаева Абадатхон Кургумбаевнага жеке менчиги болгон мурдагы МСО курулуш аянтынын аймагындагы кампа (склад) жайгашкан 760 м2 жердин, 245,5 м 2 жерин курулуштук багытын өзгөртүп, автоунааларды оңдоочу жана жуучу ишкана курууга С. Юсупова айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда макулдук берилсин.
2. Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Кадирходжаева Абадатхон Кургумбаевнанын жеке менчиги болгон мурдагы МСО курулуш аянтынын аймагындагы кампа (склад) жайгашкан 760 м2 жердин, 245,5 м 2 жерин курулуштук багытын өзгөртүп, автоунааларды оңдоочу жана жуучу ишкана куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда кароо белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |