Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-18
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Эралиев Ханыбек Мурзаевичтин Октябрь айылындагы мурдагы Ак тилек айыл чарба кооперативинин талаа станына тийиштүү болгон жерге жеңил типтеги навес курууга уруксат сурап жазган арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Эралиев Ханыбек Мурзаевичтин Октябрь айылындагы мурдагы Ак тилек кооперативинин талаа станына тийиштүү болгон жерге жеңил типтеги навес курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Эралиев Ханыбек Мурзаевичке Октябрь айылындагы мурдагы Ак тилек кооперативинин талаа станына тийиштүү болгон жерге жеңил типтеги навес курууга С. Юсупова айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда макулдук берилсин.
2 .С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Эралиев Ханыбек Мурзаевичтин Октябрь айылындагы мурдагы Ак тилек кооперативинин талаа станына тийиштүү болгон жерге жеңил типтеги навес куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда кароо жагы белгиленсин.
3 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |