Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-23
С. Юсупова айыл Кеңешинин 19.02.2015-жылдагы 4-чакырык 15-сессиясынын №15-26-токтому менен бекитилген С. Юсупова айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылда аткарылуучу иш чараларга айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин «ремонт» жана «ар түрдүү чыгымдар» беренелери боюнча бөлүнгөн каражаттардын тизмеси өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
С. Юсупова айыл Кеңешинин депутаттарынын 12.02.2015-жылдагы №2-протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаттарын ажыратуу боюнча түшкөн арыздарды кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын отурумунун протоколун бекитүү жана С. Юсупова айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылда аткарылуучу иш чараларга айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин «ремонт» жана «ар түрдүү чыгымдар» беренелери боюнча бөлүнгөн каражаттардын тизмеси өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмү тарабынан берилген сунуштарды угуп жана талкуулап чыгып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Кеңешинин 19.02.2015-жылдагы 4-чакырык 15-сессиясынын №15-26-токтому менен бекитилген С. Юсупова айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылда аткарылуучу иш чараларга айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин «ремонт» жана «ар түрдүү чыгымдар» беренелери боюнча бөлүнгөн каражаттардын тизмеси өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип бекитилсин.
Араван шайлоо участкасы боюнча:
1. Жомий көчөсүнө трансформатор орнотуу жана ага ажыратылган 100,0 миң сом каражат алынып салынсын.
2. Жомий көчөсүнө трансформатор орнотуу жана ага ажыратылган 100,0 миң сом каражат алынып салынсын.
3. “Радуга” балдар бакчасын чатырын ремонттоо жана ага ажыратылган 200,0 миң сом каражат алынып салынсын.
4. Х. Абдулла көчөсүнүн ремонту жана ага ажыратылган 40,0 миң сом каражат алынып салынсын.
5. А. Наваи атындагы орто мектепке суу сактагыч сатып (емкость) алууга бөлүнгөн каражаттан 10,0 миң сом кыскартылсын.
6. Алып салынган иш чараларга бөлүнгөн жана кыскартылган акча каражаттар А. Наваи атындагы орто мектептин жылытуу системасын ремонттоо иштерине сарпталсын. А. Наваи атындагы орто мектептин жылытуу системасын ремонттоого бардыгы болуп 450,0 миң сом бөлүү белгиленсин.
Х. Абдулла шайлоо участкасы боюнча:
1. Х. Абдулла атындагы орто мектебинин айланасын темир тосмо менен тосуу жана ага ажыратылган 300,0 миң сом каражат алынып салынсын.
2. Алып салынган иш чарага бөлүнгөн акча каражаты Х. Абдулла атындагы орто мектептин терезелерин алмаштыруу иштерине сарпталсын. Х. Абдулла атындагы орто мектептин терезесин алмаштырууга бардыгы болуп 500,0 миң сом бөлүү белгиленсин.
Хамза шайлоо участкасы боюнча:
1. Холмурод Сидиков көчөсүнүн ремонту үчүн каралган 300,0 миң сом каражат ошол эле көчөнү мамлекеттик бюджет тарабынан асфальттоо иштери үчүн зарыл болгон долбоордук сметаларын жана топосемкаларын даярдоо үчүн сарптоо белгиленсин.
А. Сайдахматов шайлоо участкасы боюнча:
1. Токтогул көчөсүн ремонттоо жана ага ажыратылган 300,0 миң сом каражат алынып салынсын.
2. Алып салынган иш чарага бөлүнгөн акча каражаты А. Сайдахматов атындагы орто мектептин жылытуу системасын ремонттоо иштерине сарпталсын. А. Сайдахматов атындагы орто мектептин жылытуу системасын ремонттоого бардыгы болуп 400,0 миң сом бөлүү белгиленсин.
Токтогул шайлоо участкасы боюнча:
Г. Нарбаев атындагы негизги орто мектепке спорт жабдууларын сатып алуу жана мектепти ремонттоого ажыратылган каражаттан 150,0 миң сом кыскартылсын.
Ленин көчөсүнө тротуар орнотууга бөлүнгөн каражаттан 100,0 миң сом кысакртылсын.
Ленин көчөсүнө аялдама куруу жана ажыратылган 50,0 миң каражат алып салынсын.
Кыскартылган каражаттан 150,0 миң сом каражат Г. Айтибаев көчөсүнө электр линияларын орнотуу сарпталсын.
Кыскартылган каражаттан 150,0 миң сом каражат Сарай участкасындагы суу түтүктөрүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн ичимдик суу насосу сатып алууга сарыпталсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннанов |