Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-24
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Бобур көчөсүнүн тургундарынын атынан жазган Ж. Вахаповдун арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Бобур көчөсүнүн тургундарынын атынан жазган Ж. Вахаповдун көчө тургундары үчүн аталган көчөдө бош турган жерди мечит курууга ажыратып берүүнү суранып жазган арыздарын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Бобур көчөсүндөгү бош турган жер тилкеси көчө тургундары үчүн муниципалдык мечит куруп пайдалануу үчүн ажыратууга макулдук берилсин.
2. С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн жер комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, мечит куруу үчүн жер тилкесин берүү сунушталсын.
3 .Аталган жер тилкесине курулушу пландаштырылып жаткан мечиттин курулушу аяктагандан кийин, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан тапшыруу-кабыл алуу актысы түзүлүп, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары айыл өкмөтүнүн балансына алуу белгиленсин.
4 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |