Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 18-25
А. Анаров айыл Өкмөтүнүн Набережная көчөсүнүн тургуну Ахмаджон Махаммадовдун Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүндөгү жеке менчик токар цехин курулуштук багытын өзгөртүп, аптека курууга уруксат сурап жазган арызын арызын кароо жөнүндө
А. Анаров айыл Өкмөтүнүн Набережная көчөсүнүн тургуну Ахмаджон Махаммадовдун Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүндөгү жеке менчик токар цехин бир бөлүгүн курулуштук багытын өзгөртүп, аптека курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
А. Анаров айыл Өкмөтүнүн Набережная көчөсүнүн тургуну Ахмаджон Махаммадовго Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүндөгү жеке менчик токар цехин бир бөлүгүн курулуштук багытын өзгөртүп, аптека курууга С. Юсупова айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда макулдук берилсин.
А. Анаров айыл Өкмөтүнүн Набережная көчөсүнүн тургуну Ахмаджон Махаммадовдун Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүндөгү жеке менчик токар цехин бир бөлүгүн курулуштук багытын өзгөртүп, аптека куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда кароо белгиленсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |