Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-октябры № 3
«Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгынын башчысы Ж.Жылтырбеков жөнүндө»
Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгынын башчысы Ж.Жылтырбеков боюнча шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 31 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгынын башчысы Ж.Жылтырбеков боюнча шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгынын башчысы Ж.Жылтырбеков шаардык Кенештин кезектеги 31-сессиясынын күн тартибинде «Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгынын 2015-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгынын башчысы Ж.Жылтырбековдун отчету» болгонуна карабастан, негизсиз сессияга катышпагандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотууну кароо жагы шаардык мэрияга сунушталсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Кулдышев М.С. |