Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-октябры № 4
«2015-жыл 1-жарым жылынын жыйынтыгы боюнча салык жыйымдарынын аткарылышы тууралуу шаардык салык инспекциясынын маалыматы жөнүндө»
2015-жыл 1-жарым жылынын жыйынтыгы боюнча салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо салык инспекциясынын жүргүзгөн иштери тууралуу шаардык салык инспекциясынын башчысынын орун басары Т.Суранбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 31 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жыл 1-жарым жылынын жыйынтыгы боюнча салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо салык инспекциясынын жүргүзгөн иштери тууралуу шаардык салык инспекциясынын башчысынын орун басары Т.Суранбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Кулдышев М.С. |