Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-октябры № 6
«Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын күн тартиби жөнүндө»
Шаардык Кенештин 2015-жылдын III-кварталына бекитилген «Шаардык Кенештин алдындагы «Өнөр жай» боюнча туруктуу комиссиясынын отчету» тууралуу маселени кийинки кезектеги сессияга жылдыруу жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы «Өнөр жай» боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 31 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кенештин 2015-жылдын III-кварталына бекитилген «Шаардык Кенештин алдындагы «Өнөр жай» боюнча туруктуу комиссиясынын отчету» тууралуу маселе жүйөлүү себептерге байланыштуу кийинки кезектеги сессияга жылдырылсын.
2. Жогорудагы маселени шаардык Кенештин кийинки кезектеги сессиясына даярдап алып чыгуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Өнөр жай» боюнча туруктуу комиссиясына (М.Кыдыршаев) тапшырылсын.
3 .Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4 .Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык депутаттар Кенешинин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевге жүктөлсүн.
Төрага | Кулдышев М.С. |