Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-октябры № 7
«Шаардык мэриянын 26.08.2015-жылдагы «Таш-Көмүр шаары, Кызыл-Алма кичи шаарчасы №113 -1 үйүн мэриянын балансына алып, кызматтык үй катары пайдаланууга макулдук берүү тууралуу» №03-8/1019 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 26.08.2015-жылдагы «Таш-Көмүр шаары, Кызыл-Алма кичи шаарчасы №113 -1 үйүн мэриянын балансына алып, кызматтык үй катары пайдаланууга макулдук берүү тууралуу» №03-8/1019 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 31 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 26.08.2015-жылдагы «Таш-Көмүр шаары, Кызыл-Алма кичи шаарчасы №113 -1 үйүн мэриянын балансына алып, кызматтык үй катары пайдаланууга макулдук берүү тууралуу» №03-8/1019 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот Департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлк фондусуна 2015-жылдын июнь айында өткөрүп-берүү, өткөрүп-алуу актысы менен өткөрүлүп берилген А.А.Елисеевдин наамындагы сот тарабынан конфискацияланган, дареги, Таш-Көмүр шаары, Кызыл-Алма кичи шаарчасы №113 -1 үйүн мындан ары таланып, тонолушуна жол бербөө максатында шаардык мэриянын балансына алып, кызматтык үй катары пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жуктолсун.
Төрага | Кулдышев М.С. |